НАТО-Орусия жолугушуусунда тараптар орто жана жакын аралыкка учуучу өзөктүк ракеталар боюнча келишимди талкуулашты, бирок мунаса таба алышкан жок.
Бул тууралуу Түндүк альянстын баш катчысы Йенс Столтенберг жума күнү Брюсселдеги жыйындан кийин билдирди. Анын айтымында, Орусия НАТО мүчөлөрүнүн чакырыктарына карабай АКШнын камтамасын жараткан ракеталар боюнча өз позициясын өзгөртүүгө даярдыгын көргөзө алган жок.
АКШ жана өнөктөштөрү Орусиянын 9M729 ракеталары 1987-жылы түзүлгөн келишимди бузат деп эсептешет. Буга чейин Вашингтон Москва 2-февралга чейин ал ракеталарды жок кылууга даярдыгын билдирбесе, келишимден чыгарын билдирген. Февралдын ортосунда НАТОнун мүчө-мамлекеттери абалды талкуулашмакчы.
Орусия сөз болгон ракеталардын учуу аралыгы келишимде каралган 500 чакырым жетпейт деп ырастап келет.