Керч кысыгында кемелер өрттөнүп, 11 адамдын өмүрү кыйылды
Маалыматка караганда, Кара деңиздин Керч кысыгына жакын бөлүгүндө, эл аралык сууларда Танзаниянын желеги менен келе жаткан эки кеме дүйшөмбү күнү кечинде өрттөнүп кеткен.
“Интерфакс” агенттиги деңизден 11 адамдын сөөгү чыгарылганын, он эки адам аман-эсен куткарылганын, калганы изделип жатканын кабарлоодо.
Кырсык болгон жерде куткаруу, издөө иштери али уланууда.
Өрт кемелердин биринен экинчисине өткөндө алардын ичиндегилер деңизге секирүүгө аргасыз болгон.
Өрт коопсуздук эрежелери сакталбагандан улам чыгышы мүмкүн. ТАСС агенттигинин кабарында өрттөнгөн кемелер суюлтулган газ тартып бара жатканы айтылууда.
Эки кемеде жалпысынан экипаждын 31 мүчөсү, анын ичинде Индиянын, Түркиянын жарандары болгон.
Кара жана Азов деңиздерин бириктирген Керч кысыгында өткөн жылдын соңунда Орусия менен Украинанын кемелери кагылыша кеткен болчу.
25-ноябрдагы окуяны Украина жана Батыш өлкөлөрү “агрессия”, Орусия “чагым” деп баалаган.
Орусия анда Украинанын үч кемесин, 24 деңиз аскерин күч менен кармап кетип, кийин аскерлердин баарын эки айга камакка алган. Орусиянын соту жакында украин аскерлеринин камак мөөнөтүн узарткан. (UE)