Азия кубогу: Кыргызстан чейрек финалга өтө алган жок
Эки команданын беттеши курч мүнөздө жүрүп, кошумча убакыт дагы берилди. Кыргызстандык баяндамачылар футбол калысынын айрым чечимдерин сындап жатышат.
Оюнда алгач талаа ээлери эсепти ачып, 13 – мүнөттө кыргызстандыктардын дарбазасына гол киргизишти. Кийин 26-мүнөттө “Ак шумкар” командасы эсепти теңеп, ишенимдүү оюн көргөзүүгө өттү. Ал эми Бириккен Араб Эмираттары оюндун 65-мүнөтүндө Кыргызстандыктарга дагы бир гол киргизгенге үлгүргөн. Бирок Кыргызстан оюндун акыркы 91-мүнөттүндө эсепти теңеп, калыс кошумча убакыт берүүгө аргасыз болду.
Бир саам тыныгуудан кийин 30 мүнөттүк кошумча тайм башталып, оюндун 103 – мүнөтүндө талаанын кожоюндары “ак шумкарларга” пенальтиде гол киргизди. Калыс кыргыз командасынын оюнчусу каршылашын атайын жөөлөп кулатты деген жүйө менен пенальти тебүүнү дайындаган.
Кыргызстандык баяндамачылар “ак шумкарлар” Бириккен Араб Эмираттарынын командасы менен тең тайлаша, жакшы оюн көрсөткөнүн белгилеп жатышат.
1/8 финалдык оюндар 20-январда башталып, андан утуп чыккандар чейрек финалда ойношот. Ошентип, Кыргызстан кийинки беттештерге ойноого мүмкүнчүлүк ала алган жок.
5-январда башталган Азия кубогу 1-февралда жыйынтыкталат.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы өз тарыхында биринчи жолу Азия кубогунун 1/8 финалында ойноду.
Буга чейин "ак шумкарлар" бул турнирдин тандоо бөлүгүнөн ары өтө албай келген болчу.
Алгачкы айлампада кыргыз футболчулары Кытай, Түштүк Корея жана Филиппин менен таймашкан. Алар кытайлар менен корейлерден утулуп, филиппиндиктерди жеңген жана финалдын 1/8 бөлүгүнө чыгышкан.