Азия кубогу: Бириккен Араб Эмираты Кыргызстанга дагы бир гол киргизди
Учурда беттешүү курч мүнөздө жүрүүдө. Кыргызстан командасы бир нече чабуул жасап, бирок алар ийгиликсиз болууда.
1/8 финалдык оюндар 20-январда башталган. Андан утуп чыккандар чейрек финалда ойношот. 5-январда башталган Азия кубогу 1-февралда жыйынтыкталат.
Кыргызстан Азия кубогуна биринчи жолу катышып жатат. Тайпадагы алгачкы оюнунда кыргыз футболчулары Кытайдын командасына 2:1, экинчи оюнунда Түштүк Кореяга 1:0 эсебинде утулуп калган. Ал эми филиппиндиктерди 3:1 эсебинде утуп финалдын 1/8 бөлүгүнө чыгышкан.