Беларус президенти бул тууралуу 18-январда Минскте, өлкөнүн мурдагы тышкы иштер министрлери менен жолугушуу учурунда билдирди.
Жергиликтүү “Белта” агенттигинин жазганына караганда, Орусия менен орток валютаны, эгер бул акча бирдиги орус рубли болбогон шартта, жүгүртүүгө киргизүү мүмкүн.
Лукашенко белгилегендей, Орусия менен орток валюта бирдей шартта түзүлүшү керек. Бирок ал Беларус менен Орусиянын орток акчасын Орусиянын Борбордук банкы тарабынан чыгарылуу мүмкүнчүлүгүн четке какты.
Бирдиктүү валютаны Орусия, Беларус менен катар Армения, Казакстан жана Кыргызстан мүчө ЕАЭБдин алкагында киргизүү демилгелери да көтөрүлүп келет.
Өткөн айда Казакстан Евразия Экономикалык Биримдигинде (ЕАЭБ) бирдиктүү электрондук валютаны киргизүүнү колдобой турганын билдирген.
“Бул менин жеке да, саясатчы катары да көз карашым. Гимн, желек, герб сыяктуу эле улуттук валюта биздин эгемендиктин символу. Биз аны ар тараптан коргоп, сактап, өнүктүрүшүбүз керек. Кандайдыр бир башка квази, прокси валюталарга жол бербешибиз керек”, - деген Казакстандын улуттук экономика министри Тимур Сулейманов 19-декабрда.
ЕАЭБде бирдиктүү электрондук валютаны киргизүү демилгесин Орусиянын “Улуттук төлөм союзу” деген ассоциация көтөргөн. Ал эми Орусиянын Финансы министрлиги бул сунушту колдогонун орус медиасы кабарлаган. (UE)