Ананьеводогу көрүстөндө талкаланган эстеликтер оңдолууда
11-январдын кечинде белгисиз адамдар Ысык-Көлдүн Ананьево айылындагы православ көрүстөнүнө келип, маркумдарга коюлган эстеликтерди талкалап кетишкен. Бул боюнча атайын тергөө тобу түзүлүп, күнөөкөрлөрдү издеп жатат.
Буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев окуяны өзгөчө адепсиз көрүнүш катары баалап, күнөөлүүлөрдү тез арада табууну Ички иштер министрлигине тапшырган.
Азырынча көрүстөндөгү жосунсуз жорукка баргандар кармала элек.(BkA/AsM)