ИИМ: уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү ишкерден акча талап кылган
Милициянын маалыматына ылайык, 2017-жылы сентябрь айында 25-35 жаштагы жети киши ишкерди машинеге салып, Ала-Арча капчыгайына алып барып, уруп сабашкан. Ошондой эле ишкердин жакындарынан бир нече сааттын ичинде 160 миң долларды алып келүүсүн талап кылышкан.
Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренеси ("Адам уурдоо"), 125-беренеси ("Жарандын эркиндигин чектөө"), 170-беренеси ("Опузалоо") менен иш козголду. Кармалган шектүүлөрдүн ичинен милицияда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары тизмеде турган жарандын иши өзүнчө бөлүнүп тергелет. Ага буга чейин издөө жарыяланган болчу. (TSh)