Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Султан Ибраимовго "Кыргыз Республикасынын баатыры" наамы берилет

Белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Ибраимов "Кыргыз Республикасынын баатыры" деген ардактуу наамга татыктуу. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-ноябрда Бишкекте Султан Ибраимовдун 90 жылдыгына арналган иш-чарада билдирди.


Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү кабарлагандай, Жээнбеков тиешелүү жарлыкка кол койгонго даяр экенин айтты. Ал Ибраимовго бул наамды ыйгарууну туура деп эсептей турганын, бирок бул үчүн парламент 2017-жылы кабыл алынган мыйзамга өзгөртүү киргизиши керектигин белгиледи. Ибраимовго ардактуу наам берүү үчүн мыйзамды кабыл алып берүүнү  Жогорку Кеңештен өтүнөрүн кошумчалады.


Султан Ибраимовдун 90 жылдыгына арналган салтанат Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өттү. Филармониянын кире беришинде Ибраимовдун турмуштук жолу жана эмгек ишмердигине арналган көргөзмө уюштурулуп, театралдаштырылган концерт болду.


Султан Ибраимов 1927-жылы Чүй облусунун Алчалуу айылында туулган. 1960-жылдардын башынан тартып 20 жыл бою мамлекеттик жогорку кызматтарда иштеген. Аны 1980-жылдын 4-декабрында Чолпон-Атадагы мамлекеттик дачада атып кетишкен.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus