Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Мунапыс боюнча мыйзам кабыл алынса абактагы миңдей адамга жеңилдик берилет

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттар тобу сунуш кылып жаткан “Мунапыс берүү жөнүндө” мыйзам ишке кирсе абактардагы миңдей адамдын көбүнө боштондук берилип, жаза мөөнөттөрү кыскарышы мүмкүн. Бул тууралуу "Азаттыкка" мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, депутат Исхак Масалиев билдирди.


Анын айтымында, ушул күндөрү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин ичинде талкууда турат. ​


- Мунапыс боюнча мыйзам долбоорун биз беш-алты депутат иштеп чыкканбыз. Талкуулар бүткөндөн кийин төрагага киргизгенбиз. Биздин тартип боюнча өкмөттүн жана башка мамлекеттик органдардын пикирлерин сураганбыз. Анда өкмөт бир топ сын пикирлерди айтып, “Мамлекетке чыккынчылык кылуу” жана “Коррупция” беренелери боюнча айыпталгандарга мунапыс берүүнү алып салууну сунуш кылган. Анткени "коррупцияга айыпталгандарга боштондук берүү коомчулукта туура эмес кабылданат" деген жүйө келтирилди. Бирок биз “төңкөрүш, башаламандык уюштурууга аракет кылды деп айыпталгандар ага кирсин" деген позицияда турдук. Мына ушундай жагдайларды эске алып, өзгөрттүк. Жакын арада жалпы депутаттардын талкуусуна чыгарабыз. Буюрса мыйзамды жаңы жылга чейин кабыл алып калабыз деп ойлойм. Бул мыйзам кабыл алынса ал миңге жакын адамга таасирин тийгизет. Соттун чечими чыгып, абакта олтургандардын айрымдары жаза мөөнөтү кыскартылат, айрымдары кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат, эркиндикке чыгат. Өтө оор беренелер боюнча айыпталгандарга гана мунапыс берилбейт, - деди ал.


Масалиев муну менен катар каралып жаткан мыйзам камакта жаткан саясатчылардын баарына колдонулбай тургандыгын айтты.


"Саясий куугунтук менен камалды" деп сөз болгон саясатчыларга мунапыс же ырайым берүү маселеси жаңы президент келгенден бери эле айтылып келатат. Алгач 20-июлда ал президент Сооронбай Жээнбековдун жарандык коом өкүлдөрү менен жолугушуусунда көтөрүлгөн болсо, 20-ноябрда Жогорку Кеңештин жана өкмөттүн мурдагы башчылары менен кездешүүсүндө да айтылды.


Ал арада Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы президентке кайрылып, партия лидери Өмүрбек Текебаевдин жана аны менен чогуу камалган Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра кароону талап кылды. Фракция лидери Алмамбет Шыкмаматов Текебаевдин иши мунапыска туура келбей турганынан кабардар экенин билдирди. Садыр Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов да мунапыс Жапаровго тиешеси жок экенин айтып, анын ишин кайра караш керек деп эсептейт. 


Кыргызстанда акыркы жолу мунапыс 2016-жылы, эгемендиктин 25 жылдыгына жана Үркүндүн 100 жылдыгына карата берилген. Ошол жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык анда 3 миң адам боштондукка чыгары айтылып, кийин миңдей адам азаттык алганы кабарланган. Азыр Кыргызстандагы жабык жайларда 12 миңдей адам кармалууда. (ErN)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus