Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Сан-Францискодо сот Трамптын жарлыгына убактылуу бөгөт койду

Сан-Францискодогу федералдык сот президент Дональд Трамптын Мексика тараптан мыйзамсыз өткөн мигранттарга башпаанек бербөө жөнүндө жарлыгына убактылуу бөгөт койду. Ал 19-декабрга чейин күчүндө турат.


Президент Трамптын администрациясы АКШга Мексика аркылуу мыйзамсыз кирген мигранттардын качкын макамын алууга арыз берүүсүнө бөгөт койгон чектөөнү 8-ноябрда киргизди. Иммигранттардын адвокаттары бул чараны дароо сынга алып, ал АКШнын азыркы мыйзам жоболоруна каршы келерин билдиришти.


Бирок Ак үй “эгер улуттук кызыкчылыктагы иш деп тапса”, президентте иммиграцияны чектегидей ыйгарым укук бар экенин жүйө келтирди. Вашингтондун көз карашында, эски эрежелер мыйзамсыз миграцияга шыкак берип жатат.




Кошмо Штаттардын мыйзамы боюнча мекениндеги куугунтуктан же кыянатчылыктан улам качкандар АКШнын аймагына кандай шартта киргенине карабай башпаанек алууга укуктуу.


Жаңы эреже көбүнесе Борбордук Америка өлкөлөрүнөн - Гватемаладан, Гондурастан, Сальвадордон келген мигранттарга тиешелүү.


Борбордук Америкадан келаткан мигранттардын жаңы агымын утурлай Пентагон ушул ай башында Мексика менен чек арага 5200 жоокерди жайгаштырган. Ага чейин быйыл апрелде да АКШнын Мексика менен чек арасына Улуттук гвардиянын 2100 жоокери жөнөтүлгөн. 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus