Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Билаш: Кытайда 50 миңден ашык кыргыз камалганы тууралуу маалымат бар

Кытайда кармалган кыргыздардын саны 50 миңден ашып кетти. Бул тууралуу Казакстандагы кайрылмандар менен иштеген “Ата-Журттун ыктыярдуу жаштары” уюмунун өкүлү, активист Серикжан Билаш "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, аталган уюмга камакка алынган кытайлык кыргыздардын саны тууралуу кабар эки ай мурда келген. Эки айдан берки кармалгандарды эске алганда камакка алынгандар мындан бир топ көп болушу мүмкүн. Билаштын маалыматына караганда, акыркы кездери маалымат каражаттарында "Кытайда жалаң гана мусулмандар, динчилдер кармалып жатат" деген туура эмес кабар тарап жатат. 


​- Кызыл-Сууда кыргыздардын интеллигенттери, жазуучулар, акындар, гезит-журналардын журналисттери, редактору камалганын эшиттим, - деди Билаш. - Бирок аты-жөнүн, фамилияларын так билбейм. Шинжаңда жалаң гана мусулмандар кысымга учурап жаткан жок. Кытайлар менен дини бир болгон Тибетте жүз миңдеген монголдорду кармап, түрмөгө тыгып атышат. Кытайдын өзүндө миллиондогон христиан-католик евангелисттер бар. Аларды кармап жатышат. Кытайдын өзүндө демократтар да камалууда.  


Серикжан Билаш Кытайда камалган казактар беш жүз миңдей экени айтылганы менен иш жүзүндө алардын саны жети жүз миңге жакын экенин кошумчалады. 


Расмий маалыматка караганда, Шинжаңдын Кызыл-Суу Кыргыз автоном районунда 160 миңге жакын кыргыз жашайт.


Кыргызстанда да Кытайдан көчүп келген кайрылмандар ал жакта калган жакындары кармалып жатканын айтып келишет. Алардын бир тобу кыргыз бийлиги расмий жооп бербей жаткандыктан, туугандарын табуу аракетинде Казакстандагы “Ата-Журттун ыктыярдуу жаштары” уюмуна кайрылышкан. ​


Шинжаңда миңдеген адамдар "саясий тарбия берүүчү лагерлерде" кармалып жатканы тууралуу кабарлар 2016-жылдан тартып белгилүү боло баштаган. Куугунтукка кабылып жаткандар "саясий тарбия берүүчү лагерлерди" "түрмө, концлагерь" деп атаса, Кытайдын бийлиги “жарандарды кесипке үйрөтүүчү кадыресе борборлор" катары сыпаттап келет.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus