Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

CNN Ак үйдү сотко берди

Америкадагы CNN кабелдик телеканалы өз кабарчысы Жим Акостанын аккредитациясын жокко чыгарганы үчүн Ак үйдү сотко берди. Телеканал 13-ноябрдагы билдирүүсүндө Ак үйдүн чечими пресса эркиндиги боюнча Конституция кепилдеген укукту буза турганын жүйө келтирди:



"Биз бул соттон Жимдин аккредитациясын калыбына келтирүү боюнча дароо аткарылышы керек болгон чечим чыгарууну өтүндүк. Бул арыз CNN жана Акостага гана тиешелүү болсо да, мындай жагдайга каалаган адам туш болушу мүмкүн. Эгер ушул бойдон калтырылса, Ак үйдүн аракеттеринин коркунучтуу кесепети биздин шайланган расмий адамдарыбыздын ишин чагылдырган ар бир журналистке тийиши мүмкүн", - деп айтылат телеканалдын билдирүүсүндө.



Ак үй Акостанын аккредитациясын 7-ноябрда президент Дональд Трамптын маалымат жыйынында болгон окуядан кийин токтоткон. Жыйын маалында Трамп менен Акостанын ортосунда кайым айтышуу болгон.



Трамптын басма сөз катчысы Сара Сандерс тараткан маалыматка караганда, Жим Акоста Ак үйдүн кызматкерине микрофонду карматпай, башкалардын суроо беришине мүмкүнчүлүк берген эмес жана "күч да колдонгон". CNNдин жетекчилиги президенттин аракетин сындап, өз кабарчысын колдогон.



Бул окуя Акоста менен Трамптын биринчи тирешүүсү эмес. 2017-жылдын башында, ал кызматка кирише элек кездеги басма сөз жыйынында да Трамп "CNN жалган маалымат таратат" деп, журналисттин суроолоруна жооп бербей койгон.



CNN телеканалынын сотко кайрылганы боюнча Ак үй азырынча маалымат бере элек. 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus