Тажикстан: орус базасына кол салууну көздөгөн 12 киши кармалды
Ал маалыматта "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун мүчөсү делген 12 киши 4-ноябрда орус базасынын жанында кармалганы айтылган. Аталган кишилерди Жакынкы Чыгыштагы жоочулардын катарында согушуп келген Вахдат шаарчасынын Сухроб аттуу тургуну жетектээрин окуядан кабары бар булактар "Азаттыктын" тажик кызматына айтып беришкен эле.
Алгач Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитети бул кабарды четке каккан болчу.
Тажикстандын үч аймагында: Душанбе, Куляб жана Кургон-Теппа шаарларында 7 миңдей орус аскерлери бар.
Тажик өкмөтүнүн расмий маалыматы боюнча, Сирия менен Ирактагы согушкерлердин катарына кошулган тажик жарандарынын саны миңге жетет.