Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Пакистан "Твиттерден" "жалган" сүрөттөрдү өчүрүүнү өтүндү

Пакистан өкмөтү жакында Жогорку сот актаган христиан аялдын чет өлкөдө тартылган сүрөттөрүн “жалган” деп мүнөздөп, "Твиттер" жана башка социалдык түйүндөрдөн аларды алып салууга өтүндү.


Исламабад 12-ноябрдагы билдирүүдө Асия Биби ашынган диний топтордун өлтүрүү тууралуу опузасына туш болгондуктан, Пакистандагы коопсуз жерде кала бергенин белгиледи.


Айрым укук коргоо уюмдары өкмөт Бибинин "жалган" деген сүрөттөрүн социалдык тармактардан алдыруу аракети менен социалдык адилеттүүлүктү коргогон активисттерди да бутага алууну көздөп жатканын айтып атышат. 


Маалымат министри Фавад Чодри "Биби Рим папасы Франциск менен жолугушуп жатат" деген жалган сүрөт кабатыр кылганын билдирди. Иш жүзүндө эки жыл мурун тартылган ал сүрөттөгү адам Бибинин кызы болчу.


54 жаштагы Асия Биби 2010-жылы "пайгамбарга акарат келтирди" деп өлүм жазасына кесилген. 31-октябрдагы Пакистанын Жогорку сотунунун ал өкүмдү жокко чыгарган чечими өлкөдөгү ашынган динчилдердин нааразылык акцияларына түрткү берген. Алар Бибиге чыгарылган өлүм жазасын ишке ашырууну талап кылышууда.


Күнөөсү жоктугун айтып келген Биби 7-ноябрда абактан чыгарылып, Исламабаддагы жашыруун жерге жеткирилген. (AA/KKs)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus