Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Өзбек диссиденти Сафар Бекжан жарандыктан ажыратылды

Бир нече жылдан бери Швейцарияда жашаган өзбек диссиденти Сафар Бекжан Өзбекстандын жарандыгынан ажыратылганы маалым болду. Өзбек бийлиги мунун себептерин түшүндүргөн эмес. 57 жаштагы бозгундагы оппозициячыл саясатчы бул тууралуу жакында гана билгенин "Азаттыктын" өзбек кызматына билдирип, бул чечимди өзүнүн саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырууда. 


​– Мен Өзбекстандын Берлиндеги консулдугунан кат алдым, анда 2017-жылы 17-мартта президенттин жарлыгы менен жарандыктан ажыратылганым жазылыптыр. Катта жарандыктан эмне себептен ажыратылганым туурасында эч нерсе айтылбаптыр. Эгер менин экинчи жарандыгым болсо, алар муну себеп катары белгилей алышмак. Бирок менин башка жарандыгым жок. БУУ тарабынан берилген качкын макамым гана бар, - деди Сафар Бекжан. 


Өзбекстандын Берлиндеги консулдугу жеке мүнөздөгү маалыматтарга комментарий берүүдөн баш тартты. 


Өзбекстандын Хорезм облусунда туулуп-өскөн Сафар Бекжан “Эрк” демократиялык партиясынын мүчөсү болуп турган кезде, 1993-96-жылдары түрмөгө отурган. Эркиндикке чыккандан кийин өзбек түрмөсүндөгү абал тууралуу “Тиги дүйнөнүн астанасы алдында” деген китеп жазган. 


Ал саясий ишмердүүлүгүнө байланыштуу 1997-жылы өлкөдөн чыгып кетип, кийинчерээк Швейцариядан башпаанек алган. Учурда Сафар Бекжан Эл аралык жазуучулар парламентинин мүчөсү.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus