6-ноябрь күнү эртең менен жүздөн ашык киши Хорог шаарынын администрациясынын алдына чогулуп, түндө элге ок аткан милиция кызматкерлерин жазалоону талап кылышты. 5-ноябрдын түнүндө милиция кызматкери травматикалык тапанчадан ок атканда жергиликтүү үч тургун жеңил жараат алган.
Нааразылыкка чыккандар Хорог шаарындагы милициянын бардык текшерүү бекеттерин да алып таштоону талап кылышкан.
Тажикстан акыркы кезде Тоолуу Бадахшан автоном облусунда коопсуздук чараларын күчөткөн. Бийлик муну аткезчилер аймакка Ооганстандан баңгизат жана курал-жарак алып кирүүгө аракеттенип жатканы менен түшүндүрүп келет.
Ушундан кийин Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы элдик лидерлер менен бийлик тирешкен учурлар болгон.
Тоолуу Бадахшан автономдук облусуна быйыл сентябрда президент Эмомали Рахмон барып, мыйзам үстөмдүгү орнобой жатканын айтып, жергиликтүү бийликти сындаган. Ошондон кийин облустун укук коргоо органдарынын жетекчилери алмашып, милициянын бекеттери орнотулган.