Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Ооганстанда шайлоо учурунда 200дөй кол салуу болду

Парламентик шайлоо учурунда согушкерлер 200гө жакын чабуул жасашты. Бул тууралуу жергиликтүү кабарчылар маалымдашты. Кабарларга караганда, кол салуулардан кеминде 50 киши набыт болуп, 200гө жакын адам жарадар болду. "Associated Press" агенттиги жекшембиде Ооганстандын чыгышындагы провинциялардын бириндеги жардыруудан алты бала мүрт кеткенин кабарлады.


Жергиликтүү бийлик кол салуулар үчүн “Талибан” радикал тобун айыптады. Ооганстандан ички иштер министри Вайс Ахмад Бармак кол салуулар көбүнчө шайлоо бекеттерине багытталганын билдирди. ИИМдин башчысы шайлоону “өкмөттүн чоң жетишкендиги” катары баалады.  


Ушул сааттарда Ооганстандын 401 шайлоо бекетинде добуш берүү өтүп жатат. “Азаттык” радиосунун ооган кызматынын билдиришинче, жекшембинин таңындагы маалымат боюнча катталган тогуз миллион шайлоочунун үч миллиону добуш берди. Эң көп шайлоочулардын саны Кабулда катталган.


Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстандагы өкүлчүлүгү жихадчылардын коркутууларына карабастан, шайлоочулар добуш берүүгө жигердүү катышып жатканын белгиледи.


Ооган президенти Ашраф Гани “бардык оогандар, жаштар, карылар, аял-эркектер добуш берүү укугуңарды пайдалангыла” деп элди үндөгөн. Добуш берүүгө укуктуу 12 миллион адамдын 9 миллионго жакыны каттоодон өткөн, алардын 34% аялдар. Ооганстан парламентинин төмөнкү палатасындагы 249 орунга 2565 талапкер ат салышууда. Алардын 400дөн ашууну аялдар.


“Талибан” кыймылы жана өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атап алган террордук уюмдун аймактагы өкүлдөрү шайлоого бойкот жарыялоого чакырышкан.


Көз карандысыз шайлоо комиссиясы айрым шайлоо аймактарында добуш берүү бир күнгө узартылганын маалымдады. Себеби техникалык жана уюштуруу иштериндеги көйгөйлөрдөн улам 20-октябрда шайлоочулар добуш бере албай калышкан. (TSh)


 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus