Кыргызстан Казакстандын тоок этине киргизген чектөөнү алып салды
Кыргызстандын Ветеринардык жана санитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы Казакстандан тоок этин ташып келүүгө 8-октябрда убактылуу чектөө киргизген. Буга коңшу өлкөнүн Кыргызстан менен чектеш аймактарында куш тумоосу боюнча маалыматтардын чыгышы себеп болгону айтылган.
Казакстандын Айыл чарба министрлиги Кыргызстан киргизген чектөөнү "мыйзамсыз" деп баалап, 12-октябрда Кыргызстандан эт азыктарын ташып кирүүгө убактылуу чектөө киргизген.
Кыргыз тарап мындай чечимге макул болбой, расмий кайрылуу даярдап жатканын “Азаттык” радиосуна билдирген. (КЕ)