Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Сегизбаевге иш козгоо тууралуу дагы бир талап коюлду

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевге карата кылмыш ишин козгоо тууралуу дагы бир талап коюлду.


Бүгүн Бишкекте өткөн пресс-конференцияда ички иштер министринин мурдагы орун басары Өмүрбек Эгембердиев, “Мээр жазы” коомдук бирикмесинин жетекчиси Ыргалай Бекмуратова жана "Саясий туткундарды коргоо" комитетинин мүчөсү Зульфия Марат ушундай талабын айтып чыгышты.


Эгембердиев “мамлекеттик төңкөрүш аракетин жасаган” деген айып менен соттолгон саясатчыларга айып негизсиз тагылганын, “Белизгейт” окуясында Сегизбаевдин мурда айткан сөздөрү далилденбегенин эскертти:


- Үч күн мурун парламентте каралбадыбы бул маселе. УКМКнын төрагасы эч кандай документ жок экенин айтты. Ошондо эле баары түшүнүктүү болду – мыйзамсыз иш алып барган. Прокуратура иш козгошу керек.


«Элдик парламент» жана «Эл үнү» кыймылдарынын он чакты мүчөсү УКМК козгогон кылмыш иштердин негизинде “бийликти басып алууга аракеттенген” деген негизде 4-20 жылга кесилген.


2016-жылы Сегизбаев айрым депутаттар 2012-жылы “Альфа Телекомдун” улутташтырылбаган 50% акциясын сатууга аракет кылгандыгы Белиз өлкөсүнөн келген документтерде көрсөтүлгөнүн айтып чыккан. Ал документтерге Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматовдун аты-жөнү тиркелген.


Быйыл 19-сентябрда бул маселе Жогорку Кеңеште талкууланып, УКМКнын азыркы жетекчилиги андай документтерди таба албай жатышканын айтты. Ошол эле күнү депутат Исхак Масалиев Сегизбаев "парламентке келип туура эмес маалымат бергени үчүн жоопко тез арада тартылышы керек" деген оюн айткан. 


15-сентябрда “Азаттык” Сегизбаевдин өзү менен байланышканда ал “Биз 2016-жылы ошол маселени көтөрүп чыкканыбыз абдан туура болуптур. Мен элдин алдында тазамын” деп билдирген. (RK)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus