Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

УКМК Кулматовдун паспорттору тууралуу түшүндүрмө берди

 


Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Кубанычбек Кулматовдун паспорттору тууралуу маалымат берди.


Анда Кулматов 1995-жылы СССР убагында алган паспортун жоготуп койгонун айтып, Орусиянын паспортун жана жарандыгын алганы, кийин 2008-жылы 45 жашка чыкканы ал паспортун жаңылаганы, ошол эле учурда Кыргызстандын Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеп турганы айтылат.


Бирок, УКМКнын маалыматына караганда, орус паспортун алгандан бир жыл өтпөй, 1996-жылы Кулматов жоготуп алдым деген СССРдин паспортун көрсөтүп Бишкектин Биринчи Май районунан кыргыз жарандыгын жана паспортун алган жана кийин аны үч жолу жаңылаган.


Атайын кызмат Кулматов колунда Орусиянын паспорту туруп Кыргызстандын да паспортун алган деп шекшип жатат.


УКМК мыйзам боюнча башка өлкөнүн жарандары кыргыз жарандыгын алгысы келсе өлкө башчысына жеке арыз менен кайрылышы керектигин, Кулматовдон андай арыз түшпөгөнүн да кошумчалады.


Кулматов мурда Чүй облусун, Бишкек шаарын жана Мамлекттик бажы кызматын жетектеген. Быйыл 14-июнда УКМК ага жана дагы бир катар кызматкерлерге карата Кылмыш-жаза кодексинин350-346-беренелеринин (“Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү”) негизинде кылмыш ишин козгогон.


Ага чейин, 18-майда Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинин алкагында ага Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин ("Коррупция") беренеси менен да айып тагылган.


Азыр Кулматов УКМКнын тергөө абагында отурат.


21-сентябрда Мамлекеттик каттоо кызматы Биринчи Май райондук сотуна кайрылып, Кулматовдун кыргыз паспортун жокко чыгарууну өтүндү.


Адвокаттар бул аракеттерди "акылга сыйгыс" деп баалоодо. Алар мындай жол менен Кулматовго басым көрсөтүлүп жатканын айтууда. (RK)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus