Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Түндүк Корея менен байланышы бар эки компанияга санкция киргизилди

Кошмо Штаттар маалыматтык технологиялар жаатындагы эки компанияга Пхеньяндын өзөктүк жана ракеталык программаларына колдоо көрсөткөнү үчүн санкция киргизди. Компаниялар Орусияда жана Кытайда жайгашкан.


Санкциялар Кытайдагы "Yanbian Silverstar Network Technology" компаниясына, анын жетекчиси Йонг Сонг Хвага жана Орусиядагы "Volasys Silver Star" ишканасына киргизилди.


13-сентябрда АКШнын финансы министри Стивен Мнучин жаңы чаралар Түндүк Кореяга чет жактагы жасалма структуралар аркылуу кирип жаткан мыйзамсыз акчанын агымын токтотуу үчүн киргизилгенин белгиледи. Ал дүйнөдөгү башка компанияларды да түндүк кореялыктарды арзыбаган акчага кулдай жумшаганды токтотууга чакырды.


Мурдараак Вашингтон Орусияны Түндүк Кореяга салынган эл аралык санкцияларды буйтап өтүп түндүк кореялык жумушчуларга ишке уруксат берип, бул мамлекетке мунай танкерлерин жиберип жатканы үчүн айыптап келген.


Июль айында президент Дональд Трамп Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен Сингапурда жолугушкан. Анда эки тарап Түндүк Кореяны акырындан өзөктүк куралдан арылтуу программасын макулдашкан. Вашингтон анткен менен Пхеньян толугу менен өзөктүк куралдан арылмайынча санкцияларды алуудан баш тарткан.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus