Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Аксы: тендердин айынан окуучуларга шашке чайы бериле элек

Райондогу мектептердин башталгыч класстарынын окуучуларына быйылкы жаңы окуу жылынан тартып шашке чайы берилбей жатат.


Бул тууралуу райондогу Кара-Суу айылындагы №46 орто мектептин мугалими, жергиликтүү кеңештин депутаты Тилеген Керимкулов “Азаттыкка” билдирди.


Маалыматка караганда, ушул жылдын 3-сентябрында шашке чайы үчүн тендер өтүп, жеңүүчүлөр тандалып алынган. Бирок азык-түлүктөр азыркыга чейин бериле элек.


- 12-сентябрда эч кандай документи жок, тендерге катышпаган адамдар мектепке азык-түлүк алып келген, бирок аны окуучулардын ден соолугу үчүн артка кайтарып жибердик, - деди Керимкулов.


Райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы эсепчисинин орун басары Мелисбек Усупбаев тендер каражат тартыштыгына байланыштуу кеч өтүп, айрым компаниялар тарабынан тендер комиссиясына кысым болуп жаткандыктан шашке чай берүү кечикенин маалымдады.


Аксы районунун аймагындагы 57 мектепте башталгыч класстардын окуучуларына 4 айлык шашке чай үчүн 2,7 млн. сом, 12 мектепке бир маал ысык тамак үчүн 1,4 млн. сомдук тендер жарыяланган. 


Дубанда жалпы 10 минден ашык окуучу шашке чайы менен камсыздалганы расмий кабарланган.


Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн иштен убактылуу четтетилген башчысы Угулай Зыябекованын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, азыр соттун кароосунда. Зыябековага окуучулардын шашке чайына тендер өткөрүүдө өз ыйгарым укуктарынан аша чапкан деген айып коюлган. (RsK)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus