Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Эл аралык Мунапыс уюму: орус полициясынын кадыры дагы түштү

Эл аралык Мунапыс уюмунун 10-сентябрдагы билдирүүсүнө караганда, Орусиянын полициясынын кадыры жекшемби күнкү демонстрациялар учурунда “ондогон өспүрүмдү кармоо менен жаңы төмөн чекке түштү”.


Эл аралык Мунапыстын Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча директору Мари Струтерстин айтымында, Орусияда полициянын тынч демонстранттарга каршы күч колдонуп, аларды ур-токмокко алуусунда “эч жаңылык жок”. Бирок полициянын демонстранттардын арасындагы өспүрүмдөргө кылмышкер катары мамиле жасашы “уятсыздык жана жүрөк ооруткан көрүнүш".


Жекшемби күнү пенсия реформасына каршы нааразылыкка чыккандарды полиция күчтөрү желим таяктар менен сабап, кармалгандарды, анын ичинде өспүрүмдөрдү сүйрөшкөн. Полициянын күч колдонуусун чагылдырган сүрөттөр социалдык медиада кеңири тарады.


Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков полициянын аракеттерин коргоп, алар “мыйзам чегинде аракеттенгенин, полициянын өзүнө “хулигандар менен чагымчылдар” кол салганын" кошумчалады.


Орусиянын 33 шаары менен шаарчаларында  жекшембидеги демонстрациялар учурунда кармалгандардын саны 1000ден ашкан. Бул тууралуу "ОВД-Инфо" бейөкмөт уюму кабарлады.







Пенсия реформасына каршы нааразылык акциялар Орусияда быйыл жайдын башынан бери өтүп келет. 


Мамлекеттик Дума өкмөттүн сунушуна ылайык, аялдардын пенсия жашын 63кө, эркектердикин 65ке көтөрүүнү караган мыйзам долбоорун июль айында биринчи окуудан жактырган. Бирок президент Владимир Путин 29-августтагы телекайрылуусунда талаштуу пенсия реформасы жумшартыларын жарыялаган. Ага ылайык, маселен, эми аялдардын пенсияга чыгуу курагы өкмөт сунуш кылгандай сегиз эмес, беш жылга гана көтөрүлүп, 60 жаш болот. Путин пенсия реформасынын зарылдыгын өлкөнүн демографиялык көйгөйлөрү менен түшүндүргөн. (UE)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus