Назарбаев администрация башчысын алмаштырды
64 жаштагы Жаксыбеков президент Нурсултан Назарбаевдин жакын кызматташтарынын бири деп саналчу. Президенттин администрация башчысынын кызматына ал 2016-жылы экинчи ирет дайындалган.
Ал эми администрациянын жаңы башчысы, 47 жаштагы Исекешев Астанада 2016-жылдан тарта акимдик кылып, ага чейин министр, вице-премьер-министр болгон. (UE)