Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Кудайбердиева: Түркия менен "Сапаттын" имараттары тууралуу сөз болгон эмес

Түркия менен Кыргызстандагы "Сапат" билим берүү мекемесинин имараттары тууралуу сөз болгон эмес. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева "Азаттыкка" билдирди: 


- Биз менен "Маариф" фондунун ишмердүүлүгү боюнча эле сөз болгон. Түркиянын элчисинин айткан сөзү боюнча расмий билдирүү даярдап атабыз.  


Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат бүгүн, 10-сентябрда Бишкекте түрк президенти Режеп Тайып Эрдогандын сапарынын жыйынтыгы тууралуу маалымат жыйын өткөргөн учурда "Сапат" билим берүү мекемелеринин имараттарын Түркиянын "Маариф" фондуна өткөрүү пландалып жатканын билдирген.


Фырат "Сапаттын" билим берүү мекемелери түрк жарандарынын салыгынын эсебинен курулганын, андыктан келечекте ал имараттарды "Маарифке" өткөрүү максат кылынып жатканын айткан.


Түркия президенти Режеп Тайып Эрдогандын 1-сентябрда Кыргызстанга расмий сапарынын жүрүшүндө  “Маариф” фонду менен кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлган.


Түрк бийлиги 2016-жылы диний аалым Фетхуллах Гүленге таандык деп эсептелген Кыргызстандагы билим берүү мекемелеринин ишин токтотууну Кыргызстандан талап кылган. Расмий Бишкек түрк лицейлери өлкөгө эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирген, эки өлкөнүн мамилеси ошондон кийин сууй түшкөн.


Маселе 1-сентябрда Эрдогандын Кыргызстандагы сапары маалында да көтөрүлүп, президент Сооронбай Жээнбеков “Сапат” мектептери мамлекеттин толук көзөмөлүндө экенин айткан. 


Билим берүү жана илим министрлиги 4-сентябрда  “Маариф” фонду өлкөдө билим берүү борборлорун ача турганын жана ал Кыргызстандын мыйзамы менен иштей турганын жарыялаган. 


Былтыр Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан “Себат” билим берүү мекемелери бийликтин чечими менен “Сапат” болуп өзгөргөн эле. (BkA/NT)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus