Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

БУУнун комиссары Кытайды өлкөгө байкоочуларды киргизүүгө чакырды

Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча жаңы жогорку комиссары, Чилинин мурдагы президенти Мишел Бачелет мындай чакырыкты 10-сентябрда Женевада Адам укуктары кеңешинин үч апталык жыйынынын ачылышында жасады. 


Бачелет Кытайды өлкөгө Улуттар уюмунун байкоочуларын киргизүүгө Шинжаң провинциясында уйгурлар жана башка улуттук азчылыктар кармалган “тарбия лагерлери” тууралуу “терең кооптондурган” маалыматтардан улам үндөдү.


Жогорку коммиссарга чейин Улуттар уюмунун Расалык дискриминацияны жоюу боюнча комитети уйгурлар Кытайда “экстремизмге каршылык көргөзүү” борборлорунда кармалып, миллиондогондору “кайра тарбиялоо” лагерлерине жөнөтүлүп, Кытайдын уйгурлар жашаган аймагы ири “камак лагерине” айланганын билдирген.


Бул арада “Хьюман Райтс Уочт” уюму 10-сентябрда жарыяланган жаңы баяндамасында Кытайдын өкмөтү Шинжаң аймагында уйгурлардын күндөлүк турмушуна көзөмөлдү күчөтүп, аларды мыйзамсыз камаганынын, кыйноого алганынын, катаал мамиле жасаганынын далилдерин келтирген.


Кытай бийлиги өз кезегинде мындай айыптоолорду четке кагат. Расмий Бээжиндин көз карашында, Шинжаң аймагы кол салууларды мерчемдеген, ошондой эле уйгурлар менен кытайлар ортосунда чыңалууну күчөткөн исламчыл согушкерлердин олуттуу коркунучуна кабылууда. (UE)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus