ЮНИСЕФ: Окуучулардын 83% мектепте курбуларынын зомбулугуна кабылган
Уюмдун белгилешинче, мектептеги зомбулук дүйнөнүн өнүккөн да, кедей да өлкөлөрүндө кездешет. Жалпысынан сурамжылоого 13-15 жаштагы өспүрүмдөр катышкан.
ЮНИСЕФ ар бир өлкөгө кайрылып, окуучулардын укугун коргогон мыйзамдарды кабыл алып, иштетүүнү, алдын алуу чараларын күчөтүүнү сунуштады.
Мектептеги рэкет маселеси Кыргызстанда бар экенин укук коргоочулар дайыма айтып келишет. Алардын жана милициянын пикиринде, мындай терс көрүнүшкө каршы күрөшүүдө ата-эненин да жардамы маанилүү. (RK)