Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Айтуганов: Казак көкбөрүчүлөрү жарым финалда Өзбекстанга атайын утулган жок (видео)

Казакстандын көкбөрү боюнча улуттук курама командасы III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын жарым финалында Өзбекстандын командасына атайын утулган жок. Мындай пикирин Казакстандын көкбөрү командасынын оюнчусу Шынболат Айтуганов “Азаттыкка” билдирди.


Анын айтуусунда, "казакстандыктар финалдык таймашка чыкпоо үчүн атайын жарым финалда өзбек улакчыларына утулуп калды" деген пикир чындыкка жатпайт.


- Оюн болгондон кийин ошондой болот экен. Бардык жерде биринчи орунду ала бербейбиз да. Бул спорт. Жарым финалда Өзбекстандын командасына казак улакчылары атайын утулуп калды деген туура эмес. Спорт болгон жерде атайын утулуу деген болбойт. Ким эле биринчи орунду алгысы келбесин. Мен минген “Маймак” аты жакшы ат экен. Жалпы биз минген аттардын бардыгы жакшы болду. Негизи команда тандап ойнобойбуз. Бизге бардыгы бирдей. 3-орун үчүн Москва менен ойнодук. Андай команда табылбайт го. Аларды жеңип 3-орунду алганыбызга өкүнбөйбүз. Алланын насип кылганы ушул экен,-деди Айтуганов.


ДКО: Көк-Бөрү. 3-орун үчүн беттеш. Казакстан-Москва (Орусия) 17:1






Казакстандын улуттук курама командасы III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында 3-орунду алды. Бүгүн 7-сентябрда коло байге үчүн беттеште казак көкбөрүчүлөрү Орусиянын Москва шаарынын командасын 17:1 эсебинде жеңип алды.


Казакстандыктар бул мелдеште жалпысынан төрт беттеш өткөрдү. Алгач тайпалык оюндарда Красноярскты 15:3, АКШ командасын 20:9 эсебинде жеңип, жарым финалга чыккан эле.


Жарым финалда Өзбекстандын командасына 4:5 эсебинде жеңилип, алтын байге үчүн күрөштөн четтеп калган.


III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында көкбөрү боюнча мелдеште Кыргызстандын көкбөрү боюнча улуттук курама командасы жеңүүчү болду. Финалда кыргыз көкбөрүчүлөрү Өзбекстандын командасын 32:9 эсебинде жеңип алды. (SDZ/ECh)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus