Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Эрдоган Орусия менен Иранга Идлибге чабуул кыргынга айланарын эскертти

Иран, Түркия, Орусия президенттери: Хасан Роухани, Режеп Тайып Эрдоган жана Владимир Путиндин 7-сентябрдагы сүйлөшүүлөрү Сирияда Москва жана Тегеран колдогон өкмөттүк күчөр Идлиб провинциясына ири чабуул жасайбы деген кооптонуулардын шартында өтүүдө. 


Тегерандан келген маалыматтарга караганда, Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган Иран менен Орусияга Идлибге чабуулдун арты кыргынга айланышы мүмкүндүгүн эскертти.


“Идлибге жасалган кандай гана чабуул болбосун бул кыйроого, кыргынга жана чоң гуманитардык трагедияга алып келет. Идлиб кан төгүүгө айлануусун биз эч качан каалабайбыз. Эгер биз бүгүн ок атышуу токтотулары тууралуу жарыялай алсак, бул саммиттин жеңиши болот”,- деген Эрдоган сөзүндө. 


Орусия президенти Путин менен Иран президенти Роухани Сирия өкмөтү өлкөнүн толук аймагын, анын ичинде Идлибди ээлөөгө “укуктуу” деген турумду карманышты:


- Экстремисттердин калган топтору Идлиб провинциясындагы де-эскалация зонасында жыйналган. Террорчулар ок атышууну токтотуу режимин бузууга аракеттенишүүдө, - деди Путин саммитте.


Сириянын түндүк-батышында жайгашкан, Түркияга чектеш Идлиб провинциясы - президент Башар Асаддын режимине каршы козголоңчул күчтөрдүн акыркы маанилүү таянычы.


Ал аймакта, БУУнун эсебинде, үч миллиондой адам жашайт, алардын 1,5 миллиону Сириянын башка бөлүктөрүнөн жер которуп келгендер. Идлибде ошондой эле “ал-Каидага” байланышы бар “Жабхат ал-Нусра” тобунун 10 миңдей согушкери бардыгы да маалымдалууда. 


Улуттар уюму да буга чейин Идлибге чабуул “катастрофалык” кесепеттерге алып келиши мүмкүндүгүн, 800 миңдей киши үй-жайынан качуу тобокелчилдиги бардыгын, АКШ, Британия, Франция болсо, эгер ал жерде химиялык чабуул жасалса, жооп чара көрүлөрүн эскертишкен.


Москва жана Дамаск химиялык чабуулга даярдык жөнүндөгү ырастоолорду четке кагышканы менен АКШнын Сирия боюнча атайын чабарманы Жим Жеффри 6-сентябрда аларды муну ырастаган “көп далилдер” бардыгын билдирди.


Тегерандагы саммитке тушташ, Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясынын кабарлаганына караганда, 7-сентябрда Идлибдин айрым жерлерине аба соккулары жасалган. (UE)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus