Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

ДКО-2018: Кыргызстандын көкбөрүчүлөрү чемпион болду (видео)

Кыргызстандын көкбөрү боюнча улуттук курама командасы III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын жеңүүчүсү болду. Финалда кыргыз көкбөрүчүлөрү Өзбекстандын командасын 32:9 эсебинде жеңип алды.


Кыргызстан бул мелдеште жалпысынан үч оюн өткөрдү. Тайпалык мелдеште А тобунда ойноп, Монголия курама командасын 29:5 эсебинде жеңди. 2-турда Алтай командасынын оюнчулары Кыргызстан менен боло турган оюнга толук курамда чыкпагандыктан алтайлыктарга техникалык утулуш жазылды. Жарым финалда Кыргызстан Орусиянын Москва облусунун командасы менен беттешип, 23:5 эсебинде жеңип финалдык таймашка чыккан эле.


ДКО-2018: Көк-Бөрү. Финал: Кыргызстан-Өзбекстан 32:9






Бул мелдеште 3-орунду Казакстандын командасы алды. Казакстандыктар коло байге үчүн беттеште Орусиянын Москва облусунун улакчыларын 17:1 эсебинде утуп алды.


ДКО: Көк-Бөрү. 3-орун үчүн беттеш. Казакстан-Москва (Орусия) 17:1






2-сентябрда башталган III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында көкбөрү боюнча мелдештерге 11 команда катышты. Мелдештин байге фонду 6 млн. 200 миң сомду түздү. 1-орунга 3 млн. сом, 2-орунга 1,5 млн. сом, 3-орунга 1 млн. сом акчалай сыйлык берилди. Андан сырткары “мыкты оюнчу” жана “мыкты аргымакка” 100 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырылды.


Көчмөндөр оюндарында көкбөрү боюнча мелдештер быйыл 3-жолу өткөрүлдү. Алгачкы оюндарда финалда Кыргызстан-1 жана Кыргызстан-2 командасы финалда ойноп, Кыргызстан-1 командасы 4:3 эсебинде жеңишке жетип, чемпион болгон. II Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын финалында Кыргызстан жана Казакстандын командалары беттешип, 15:3 эсебинде кыргыз көкбөрүчүлөрү жеңишке жеткен. (SDZ/ECh)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus