Донецктеги жикчилдер жаңы лидерин тандашты
Бул тууралуу орус медиасы кабарлады. Донецк аймагындагы жикчилдердин мурдагы лидери Александр Захарченко быйыл 31-августта кафеде отурган кезде болгон жарылуудан каза тапкан.
Анын өлтүрүлүшү үчүн жоопкерчиликти расмий Москва менен Киев бири-бирине жүктөгөн.
Маркум Захарченконун ордуна келип жаткан Денис Пушилин да, маалыматтарга караганда, 2014-жылдын июнь айында анын өмүрүнө кол салуу боюнча эки аракеттен аман калган.
Донецктеги жикчилдердин “элдик кеңеши” 7-сентябрдагы чечими менен “Донецк Элдик республикасы” деп атаган аймактын жаңы лидерин шайлоону 11-ноябрга белгилешти.
Алардын бул кадамы Украина чыгышындагы куралдуу жаңжалды жөнгө салуу боюнча Минск келишиминин жоболоруна каршы келет. Анда жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактагы шайлоолор маселеси үч тараптуу байланыш тобунда: Украина, ЕККУ жана жикчилдер ортосунда макулдашуусу керектиги жазылган.
Украина чыгышында 2014-жылдын жаз айынан берки куралдуу жаңжалдан азыркыга чейин 10 миң 300дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылды. (UE)