ДКО-2018: Казакстандын көкбөрүчүлөрү 3-орунду ээледи (видео)
Алдыда финалда Кыргызстан менен Өзбекстандын командалары беттешет. Оюн саат 18:00дө башталат.
Мелдештин байге фонду 6 млн 200 миң сом. 1-орунга 3 млн сом, 2-орунга 1,5 млн, 3-орунга 1 млн сом акчалай сыйлык берилет. Андан сырткары мыкты оюнчуга жана мыкты аргымакка 100 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырылат. (SDz/ECh)