Бүгүн, 24-августта Түркмөнстанда Арал деңизин сактоо маселеси талкууланган саммитте Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков тиешелүү эл аралык фондду реформалоо боюнча демилге көтөрдү.
-2016-жылы Кыргызстан Аралды сактоо боюнча эл аралык фонддун ишине катышууну токтоткон. Бул аны терең реформалоо зарылдыгына байланыштуу эле. Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекет башчылары 2009-жылы эле фоддун түзүмүн, келишимдик-укуктук базасын жакшыртуу жөнүндө чечим кабыл алышкан. Бирок, тилекке каршы биз бул маселеде жылышты байкаган жокпуз. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасы суу-энергетика чөйрөсү боюнча бардык макулдашуу-келишимдерин аткарууда, - деди Жээнбеков.
Ал Аралды сактоо боюнча эл аралык фонддун ишмердигинде сууну ирригациядан бөлөк максатта, анын ичинде энергия иштеп чыгыш үчүн колдонуу жагы эске алынбай калганын белгилеп, фондду реформалоо боюнча Кыргызстандын алты сунушун да ортого салды.
Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн президенттери бүгүн саммитке Каспий деңизинин жээгиндеги Түркмөнстандын “Аваза” туристтик жайында чогулушту.
Борбор Азия мамлекеттери Аралды сактоо боюнча эл аралык фондду 1993-жылы негиздешкен. Анын максаты Арал деңизинин бассейниндеги социалдык-экономикалык жана экологиялык абалды жакшыртуу болгон.
Түркмөнстан бул фондго 2017-2019-жылдар үчүн төрагалык кылууда. Арал боюнча буга чейинки акыркы саммит 2009-жылы Алматыда өткөн. (UE)