Британия Евробиримдикти Орусияга жаңы санкция салууга үндөйт
Британ министринин белгилешинче, Евобиримдик Москвага карата санкцияларды катаалдаштырууга камынып турган Кошмо Штаттардын демилгесине кошулуусу керек.
Хант Скрипалдарга болгон кол салуудан жана Крымдын аннексиясынан кийин Брюссел Москвага басымды күчөтүп, эл аралык нормаларды сактоого мажбуралышы керек деп эсептейт.
8-августта АКШ Британияда Скрипалдардын ууландырылышына байланыштуу Орусияга жаңы санкцияларды киргизерин жарыялаган. Орусия Вашингтондун бул аракетине "мыйзамсыз" деп баа берген. Премьер-министр Дмитрий Медведев АКШнын Орусияга каршы санкцияларын кеңейтүү аракетин "экономикалык согушка" салыштырган.