Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Кыргызстандык балбан кыздар Азия чемпиону болушту

Кыргызстандык күрөшчү кыздар Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы ушул күндөрү Индиянын Нью Дели шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатында алтын медал тагынышты.


"Биргелешкен күрөш дүйнөсү" (UWW) уюмунун расмий сайтындагы маалыматка ылайык, 19-июлда кыз-келиндер күрөшү боюнча 68 килограмм салмакта күч сынашкан Мээрим Жуманазарова бул мелдеште төрт беттеш өткөрдү. Алгач Кытай Тайбэйи, Корея жана Казакстандын өкүлдөрүн жеңип, финалга чыкты. Чечүүчү таймашта индиялык Дивя Какраман менен таймашып 11:0 эсебинде таза жеңип, 2-жолу жаштар арасында Азия чемпиону аталды.


Айпери Медет кызы 76 килограмм салмакта күч сынашып алгач Индия, Казакстан жана Монголиянын спортчу кыздарын жеңип финалга чыкты. Алтын байге үчүн таймашта кытайлык Ю Жень Дингди 11:0 эсебинде таза жеңип, Азия чемпиону болду.


Бул мелдеште жалпысынан Кыргызстандан алты кыз килемге чыккан. 55 килограммга чейинки салмакта Айбийке Акбаралы кызы коло байге үчүн күрөштө монголиялык кызга жеңилип калды. Жалпы командалык эсепте Кыргызстандын курама командасы 3-орунду алды. Көч башында Жапониянын жана Кытайдын командалары турат. 


Мээрим Жуманазарова 2016-жылы кыздар (кадеттер) арасында дүйнө чемпионатында коло байге алган. 2017-жылы жаштар арасында Азия чемпиону аталып, дүйнө чемпионатында коло медал тагынган, бир нече эл аралык мелдештердин байге ээси. Быйыл март айында Бишкекте өткөн кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатында коло байге алган. 


Айпери Медет кызы кыздар (кадеттер) арасында Азия чемпионатынын күмүш (2015-ж.), алтын (2016-ж.), дүйнө чемпионатында күмүш (2016-ж.) байгелерин алган. 2017-жылы жаштар арасында дүйнө чемпиону болду. Бир катар эл аралык мелдештердин байге ээси.


Күрөш боюнча жаштар арасында Азия чемпионаты 17-июлда башталган. 21-июлда эркин күрөш боюнча таймаштар өтүп жатат. Таймаштар 22-июлда аяктайт.


Буга чейин грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын балбандары үч күмүш, үч коло алып, жалпы командалык эсепте 3-катарга чыгышты. Күмүш медалдарды Халмурат Ибрагимов (67 кг.), Бексултан Назарбаев (72 кг.) жана Азат Салидинов (82 кг), коло байгелерди Элдияр Сатаров (63 кг.), Темурлан Бектурдиев (77 кг.) жана Данияр Шеримбеков (97 кг.) тагынды. (ECh)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus