Жыл башынан бери сууга чөккөндөрдүн саны 70тен ашты
Сууга чөгүп кеткен окуялар көп катталган аймактардын сап башында Чүй облусу, андан кийин Жала-Абад, Бишкек шаарлары, Ош, Ысык-Көл облустары турат.
Буга чейин өкмөт чөгүп каза болгон балдар үчүн ата-эне күнөөлүү экенин эскерткен. Бул көйгөйдү жоюу үчүн эл арасында алдын алуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек экенин, буга жергиликтүү бийликти да тартуу зарылдыгын белгилеген. (TSh)