Азимжан Аскаров сыркоолоп айыкканын билдирди
Буга чейин жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында Кыйноолорго каршы улуттук борбордун өкүлдөрүнө Аскаров менен жолуктурууга уруксат берилбей жатканы маалымдалган. Борбор бул тууралуу Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагынын жетекчилиги менен бир аз түшүнбөстүктөр болгонун билдирди.
Азимжан Аскаров "Базар-Коргондогу 2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган" деп соттолуп, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Прокуратура жана сот органдары анын күнөөсү далилденгенин айтышкан. Бир катар эл аралык уюмдар ал куру доомат менен негизсиз камалганын билдирип жүрөт. (TSh)