Кыргызстанга 112 автоунаа мыйзамсыз ташылып келгени аныкталды
Транспорт каражаттарынын 25 даанасы жүк ташуучу унаалар болгон. Алардын баары учурда камакка алынды.
Бажы төлөмү төлөнбөй өлкөгө киргизилген бул автоунааларды Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин кызматкерлери каттап беришкен. Департаменттин кызматкерлерине карата Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 304-204-350-беренелери (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Контрабанда”, “Документтерди жасалмалоо”) менен кылмыш ишин козгоду. Тергөө бүтүп, иш сотко өткөрүлдү.
Быйыл жыл башында да Кыргызстанга импорттолгон “DAF”, “MAN”, “IVECO”, “SCANIA” жана башка үлгүдөгү 354 жүк ташуучу автоунаа мыйзамсыз алынып келгени аныкталган. Анда автоунаалар эч кандай бажы төлөмү алынбай турган трактордун коду менен катталганы такталган. (ErN)