Кыргызстандын ЖИА бизнес-ассоциациясы менен Өзбекстандын Соода-өнөр жай палатасы кызматташмай болду. Эки тараптуу меморандумга Ташкент шаарында кол коюлганын бүгүн “Азаттыкка” ЖИАнын башкармалыгынын төрагасы Темирбек Ажыкулов билдирди:
- Кыргыз менен өзбек бизнесинин ортосунда көпүрө болуу максатында жана ошол эле учурда маалымат алмашып, ишкерлер ортосунда байланышты бекемдейли деген максатта кол койдук. Себеби биздин ишкерлерден Өзбекстан менен иштешүү тууралуу көптөн бери талаптар түшүп жаткан. Ушундай эле талап өзбек тараптан да болгон.
ЖИАнын өкүлү болгон 15 жаш ишкер 2-6-июлда Ташкентте иш сапарында жүрөт.
Былтыр күзүндө кыргыз-өзбек чек арасынан өтүү шарты жеңилдеген. Бирок айрым кыргызстандык ишкерлер Өзбекстандан келген товарлардын атаандаштыгына туруштук берүү кыйын болуп жатканын айтууда.
Темирбек Ажыкулов бул маселени чечиш үчүн ишкерлер арасында түшүндүрүү, коңшу өлкөдөгү шарттар, талаптар тууралуу кеңири маалымат берүү зарыл деп эсептейт. (RK)