Кыргызстанда мамлекетке жардам бергиси келген ыктыярчылар үчүн атайын эсеп ачуу тууралуу токтом долбоору иштелип чыкты. Каржы министрлигинин маалыматында сунушталган долбоор мамлекетке жардам бергиси келген жарандар, ички жана тышкы инвесторлор, эл аралык уюмдар берген каражаттын эсебинен кыргызстандыктардын жашоосун жакшыртууга, экономикалык жана финансылык көз карандысыздыкты камсыздоого багытталганы айтылат.
Долбоордо бул иштерди көзөмөлдөө үчүн 13 кишиден турган байкоочу кеңеш түзүп, курамына президенттик аппарат, Жогорку Кеңеш, өкмөт, Улуттук банк, УКМК жана бейөкмөт уюмдардын, Каржы жана Экономика министрликтеринин өкүлдөрүн киргизүү сунушталган. Улуттук банкта ачылган эсепке түшкөн каражаттар ачык болуп, квартал сайын Каржы министрлигинин сайтында жарыяланаары белгиленди.
Мамлекетке жардам бергиси келгендер үчүн атайын эсеп ачыларын Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте 14-июнда билдирген.
Ага дейре Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев депутаттарга кайрылып, өз ара акча чогултуп, Бишкек Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) кеткен Кытай насыясынан кутула берүүнү сунуш кылган. (NT)