Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Башкы штаб "жоокер сабалды" деген божомолду төгүндөдү

Чүй облусунда жайгашкан Улуттук гвардиянын №701 аскердик бөлүгүндө 20-июнда 1995-жылы туулган Бек Бейшенбаев аттуу жоокер жараат алып, ооруканага жеткирилген.


Буга чейин Интернеттеги маалымат булактары анын сабалганы тууралуу божомолдорду жазып чыгышка. Бирок Башкы штабдын басма сөз катчысы полковник Гүлзат Жарашева жоокер керебеттин темирин сүзүп алганын, окуядан кийин башын дароо "Юрфа" медициналык борборунун магниттик-резонанстык томографиясына (МРТ) тарттырганын айтып, эч кандай олуттуу жараат албаганын "Азаттыкка" кабарлады.


- Машыгуудан келип, керебетинен сүлгүсүн алганы жатып башы менен керебеттин темирин сүзүп алыптыр. Алып барып башын "Юрфанын" МРТсине тарттык. Бизде акыркы убакта уставдан сырткы мамилелер (мушташтар) кездеше элек. Бул тууралуу сөзсүз түрдө ички иликтөө жүрөт, бирок мен сизди бул жөн гана күнүмдүк окуя деп ынандыргым келет, - деди Башкы штабдын басма сөз катчысы Гүлзат Жарашева.


"Азаттык" жоокердин иниси Мурат Бейшенбаев менен байланышып, учурда жоокердин абалы канааттандырарлык экенинен кабардар болду. Анын айтымында, жоокер өзү да таяк жебегенин айткан.


- Ата-энем Ат-Башыда. Атам Арпа жайлоосуна кетип, антенна жок, байланыша албай жатабыз. Апам укту, бирок өзү келе албайт да. Эми бүгүн же эртең шаарга чогуу чыгышат го, - деди жоокердин жанында жүргөн иниси Мурат Бейшенбаев.


Буга чейин айрым маалымат булактарда жоокердин сабалганы тууралуу маалымат тарап, "аскердик бөлүк аны жашырууга аракет кылып жатат" деген божомолдор айтылган. (KR)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus