Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Жээнбеков милициянын тартибин бекемдөөгө чакырды

Бул тууралуу Сооронбай Жээнбеков бүгүн ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кабыл алган учурда билдирди. Анда ички иштер органдарынын ишмердиги жана жүргүзүлүп жаткан реформалар талкууланды.


Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчы коррупция менен күрөштү күчөтүү, көчө кылмыштарынын алдын алуу, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин тартибин жана жоопкерчилигин бекемдөө боюнча иштерди жандандырыш керек экенин белгиледи. Мындан сырткары, коомдук жайларда жана курорттук аймактарда өлкө жарандарынын жана сырттан келген коноктордун коопсуздугун камсыз кылууга үндөдү. 


16-июнда Бишкектеги Ош базарында кайыр сурап отурган майып баланын апасы милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп жатканы тартылган видео Интернетке тараган. Анда форма кийген беш-алты адам арабада өткөн-кеткенден акча сурап отурган баланы ал жерден кетирүүгө аракет кылганын, буга анын апасы жана айланасындагы адамдар нааразылык билдирип жатканын көрүүгө болот.


18-июнда Ысык-Көлдө Жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын кызматкери тартылганы айтылган видео Интернетке тараган. Анда МАИ кызматкери кафеде тамак ичкен идишине өзү таштанды салгандай көрүнөт жана аны официантка көрсөтүп урушкан. Жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнүн басма сөз катчысы Нурбек Токтосунов кафеде чыр чыгарган Бакыт Жукалаев кызматтан алынганын билдирген.


Коомчулукта милиция кызматкерлерин "кызмат абалынан аша чаап, укук бузууга барат" деп айыптагандар арбын. (КЕ)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus