Путин ФИФАны "спортту саясатка аралаштырбаганы" үчүн мактады
Путин Москвада 200дөн ашуун футбол федерацияларынын өкүлдөрү катышкан жыйында сүйлөдү.
“Спортту саясатка аралаштырбай кармаганы үчүн ФИФАнын ордун белгилеп кетким келет” деген Путин “Орусия да бул эрежени дайым колдоорун” кошумчалады.
Эртең Орусияда футбол боюнча дүйнө чемпионаты башталат. 32 күндө 32 команда 11 шаарда беттешет. Мелдештерди өткөрүүгө 11 миллиард доллар сарпталат.
Мындан тышкары, чемпионат Батыш менен Москванын мамилелери чыңалып турган кезде өтүп жатат. Мартта Британияда орусиялык экс-тыңчы ууландырылгандан кийин бир нече өлкө чемпионатка дипломатиялык бойкот жарыялаган.
2022-жылы футбол чемпионаты ноябрь-декабрда Катарда өтөт. 2026-жылы болсо дүйнөлүк мелдештер АКШда, Мексикада жана Канадада уюштурулат.