Экс-президент Алмазбек Атамбаев башында турган Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун, мурдагы мэр Кубанычбек Кулматовдун жана Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевдин камакка алынышына байланыштуу билдирүү таратты. Анда экс-президент бул аракеттерди “коррупция менен күрөш эмес, өч алуу” деп атады. Кийинки убакта камакка алынгандар боюнча коомчулукта да пикир бир кылка эмес.