Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Футболчулар аралашкан мушташты милиция иликтей баштады

"Алай" жана "Алга" футбол командаларынын беттешинен кийинки мушташты Чүйдүн Ысык-Ата райондук милициясы иликтей баштады. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Кыргызстандын Футбол федерациясынын башчысы Семетей Султанов да  окуянын чоо-жайын Дисциплинардык комитетет тактоого киришкенин айтты.


Жаңжалга эмне себеп болгону тууралуу так маалымат жок. Социалдык тармакта бул мушташ эки команданын ортосундагы көрө албастык жана бөлүнүү катары сыпатталууда. 


Оштун "Алай" жана Бишкектин "Алга" командаларынын оюнчуларынын ортосундагы мушташ экени айтылган видео Интернетке 20-майда тарады. Ондогон кишилердин жапырт жаңжалы Канттагы футбол аянтынын жанында эки клубдун беттешинен соң болгон.


Тасмада "Алай" командасынын сары футболкачан оюнчуларын, "Алганын" кызыл футболкачан күйөрмандарын жана башка футбол фанаттарын көрүүгө болот. 


Бишкектен "Алганын" 35 күйөрманы кызыл футболка менен беттешти көрүүгө Кантка барганын, мушташта кызыл кийимчен эки эле жигит болгонун аталган клубдун басма сөз катчысы Адилет Аалыев тастыктады. 


Расмий бышыктала элек кабарларга караганда, белгисиз кишилер кийим алмаштыруучу жайда "Алайдын" чабуулчусу Алиа Силланы сабап коюп, ошондон улам жаңжал тутанган. 


Анын алдында Силла атаандаш тайпадагы оюнчу менен тиреше кетип, кол көтөргөн жана оюндан чыгарылган. Ошол учур тартылган видео бир күндөн соң "Алга" клубунун "YouTube" баракчасына жайгаштырылды.


Ал эми "Фейсбуктагы" "Футбол ааламы" тайпасына "Алай" клубунун оюнчусу Шухрат Рахмоновдун мурду канжалаган, Алия Силланын бети шишиген сүрөттөрү жарыяланды.


"Алайдын" басма сөз кызматы окуя иликтенгенден соң комментарий берилерин кабарлады. 


"Алай" Ош шаарынын, "Алга" Бишкек шаарынын клубу. (SE)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus