Бүгүн Бишкекте шайлоо боюнча мыйзам талкууланат
Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин “Республика Ата-Журт” партиясынын депутаты Кенжебек Бокоев демилгелеген. Бул мыйзам Кыргызстандын жарандарынын шайлоо укуктарын иреттейт жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жетекчилерин шайлоо маселесин жөнгө салат.
Жыйын саат 14:00дө, Бишкектеги “Орион” бизнес борборунда башталат. Жыйындын уюштуруучуларынын катарында “Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы” да бар. (ErN)