Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Бишкекте балдарды өнүктүрүүгө арналган улуттук форум өтөт

Бишкекте мектепке чейинки балдарды өнүктүрүүгө багытталган алгачкы улуттук форум өтөт. Бул тууралуу “Роза Отунбаеванын демилгелери” коомдук фондунун аткаруучу директору Доктургүл Кендирбаева “Азаттык” радиосуна кабарлады.


Анын айтымында, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында 15-16-майда өтө турган иш-чарага Германия, Швейцария, Улуу Британия, Түркиядан келген адистер катышат. Мындан сырткары Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандын өкүлдөрү өз тажрыйбалары менен бөлүшөт.


- Педогогикалык жана ошол багыттагы тармактык окуу жайлардын ортосундагы баарлашууну, туруктуу кесиптик квалификацияны жогорулатуу, жаңы көндүм билгичтиктерди калыптандыруу максатында түйүн түзүлөт. Биз Кудай берген баланы Кудай чоңойтот деп койо берип жатабыз. Балдардын эң баалуу, натыйжалуу мезгили көчөдө, кароосуз өтүүдө. Кийин кеч болуп калып жатат.


Кендирбаеванын айтымында, балдарды кичинесинен тарбиялоо, алардын жөндөмүн жогорулатуу жана шыктандыруу, мындагы ата-эненин, мамлекеттин ролу туурасында беш башка-башка топто талкуулар өтөт. Жыйынтыгында резолюция кабыл алынат. 


Кыргызстанда бала бакчалар тартыш болуп, мектеп жашына чейинки балдардын дээрлик 50% бала бакчага барбайт деген статистикалык маалыматтар буга чейин айтылган. Мындан улам балдардын мектепке даяр эмес келип, билим сапатына терс таасирин тийгизип жатканын адистер белгилешкен болчу. (КЕ)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.


Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus