Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Сапар Исаков кайрадан УКМКга сурак берет

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) сурак берүү үчүн кайрадан чакырылды. Ал атайын кызматка 14-майда саат 10:00дө барат. Бул тууралуу Кыргызстан социал-демократтар партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева “Азаттык” радиосуна ырастады.


Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков УКМКга 26-апрелде дагы сурак берип чыккан. Эки сааттай атайын кызматтын имаратында болгон Исаков журналисттерге Бишкек Жылуулук электр борборун оңдоп-түзөөгө байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында күбө катары суралганын айткан. Ал ЖЭБге байланыштуу бардык маселе текшерилиши керек экенин кошумчалаган.


Исаков "Улуттук энергохолдингдин" мурдагы жетекчиси Айбек Калиев ага каршы көрсөтмө бергени тууралуу жарыяланган маалыматтарды төгүндөгөн. Ага чейин айрым булактар Калиев мурдагы өкмөт башчыга каршы көрсөтмө бергенин жазышкан.


10-майда Жогорку Кеңеш ЖЭБдеги кырсыктын себебин жана аны модернизациялоого Кытай берген 386 миллион доллардын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулады. Анда мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Жоомарт Оторбаев, Темир Сариев жана Сапар Исаков баш болгон 30дай кишинин аты жазылып, саясий баа берүү жана алардын жоопкерчилигин кароо сунушу айтылган.


КСДП партиясы 11-майда мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун Бишкек Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) байланышкан комментарийин тараткан. Анда Исаков "парламенттеги талкуу - элди адаштыруу жана ЖЭБдеги авариянын чыныгы күнөөкөрлөрүнүн жоопкерчиликтен качуу аракети" деп билдирген. ​Мындан тышкары ал быйыл январдагы авария үчүн ЖЭБдин ошол кездеги директору Нурлан Өмүркул уулунан тартып мурдагы өкмөт башчы, азыркы президент Сооронбай Жээнбеков жана өзү да жооптуу экенин белгилеген. (КЕ)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.


Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus