Париж: элге бычак менен кол салган адам Чеченстандан келген
“Полиция элге бычак менен кол салып, бир кишини өлтүргөн жарандын тек-жайын аныктады”, - деп айтылат кабарда.
Маалыматка караганда, полиция тарабынан өлтүрүлгөн кылмышкердин жанында документтери болгон эмес. Анын ким экени бармак издери аркылуу аныкталган.
12-майда колунда бычагы бар белгисиз жигит Франциянын баш калаасынын борборундагы Париж опера театрынын жанында өтүп бараткандарга кол салган. Андан бир киши каза таап, сегизи жарадар болгон. (КЕ)