Кыргызстанда айрым жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүп жатат
Бул күнү Жалал-Абад облусунун Көк-Арт, Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеӊешине, Токтогул шаардык кеӊешине, Нарын облусунун Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеӊешине, Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеӊешине, Чүй облусунун Сокулук айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп жатат.
Буга чейин Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешине депутаттыкка талапкер болгон 17 адам президент Сооронбай Жээнбековго, премьер-министрге жана Жогорку Кеңештин төрагасына кайрылышкан. Кайрылууда шайлоонун алдында үгүт иштери одоно мыйзам бузуу менен коштолуп, айрым партиялар акча таратып жатканы айтылган. Талапкерлер таза шайлоодон үмүт үзгөнүн айтышып, ушундан улам мыйзамдуулукту камсыз кылып берүүнү бийликтен суранышкан. (КЕ)